АТ-БАШЫ РАЙОНДУК ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ ИШКЕ БЕРИЛДИ

2026-жылдын 28-февралында Ат-Башы районундагы Ак-Өргө жаңы конушунда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин демилгеси менен курулган имараттын ачылыш аземи болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Н.Орунтаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Сатаров, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким…

Толук окуу…

АТ-БАШЫДА ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 25-февралында Ат-Башы районунун прокуратурасынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коллегиясынын 2026-жылдын 30-январындагы №1-чечимин аткаруу максатында райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Балдарга жана аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук, жашы жете электерге карата жасалган жыныстык мүнөздөгү кылмыштар, инсандын руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар, ошондой эле киберкылмыштуулук, интернет тармагын пайдалануу менен жасалган…

Толук окуу…

ДУБАН БАШЧЫСЫ АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

2026-жылдын 20-февралында Ат-Башы районундагы С.Андабеков атындагы маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Сатаровдун “Экономикалык кербен” аталышындагы долбоорунун алкагында Ат-Башы районунун эли менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда дубан башчысы Н.Сатаров, Нарын облусунун прокурору А.Кубатидинов, Нарын облусунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ж.Көчкөнов, Нарын облусунун казысы Н.Мамасабиров жана бир катар облустук мекеме жетекчилери катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө дубан башчы аймакта аткарылган социалдык-экономикалык иштер жана 2026-жылга мерчемделген иштер тууралуу кыскача маалымат берди. Мындан сырткары Теңир -Тоо өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып ишке ашкан долбоорлор жана жеңилдетилген 6% насыяларды алуунун жолдору тууралуу Элдик банк жана Айыл банктын жетекчилери маалымат беришти.

Ат-Башы районунун тургундары тарабынан социалдык-экономикалык көйгөйлөр, ирригация тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун сактоо, айыл чарбасын туура иштетүү  сыяктуу бир катар суроолор берилип, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринен жана облус башчысы Н.Сатаровдон суроолорго жооп алышты.

АТ-БАШЫ: ТАРЫХТЫ ТААЗИМДЕГЕН КҮН

2026-жылдын 19-февралында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгон жоокер Майлиев Осмонакун атанын бир туугандары менен жолугушуу болуп өттү. Иш чарага Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон жоокерлерди издөө тобунун Нарын облусу боюнча координаторлору-Ирина Егорова жана Бактыгүл Акунбаева, ошондой эле Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев…

Толук окуу…