АТ-БАШЫДА ЖАЗГЫ ТАЛАА ИШТЕРИНЕ ДАЯРДЫК БАШТАЛДЫ

Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан 2026-жылга карата планда каралган чарбалык суу каналдарын тазалоо жана жазгы талаа иштерине даярдык көрүү иштери башталды. Учурда адистер тарабынан сугат каналдарын тазалоо, арыктарды оңдоо, суунун үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө, Ошондой эле учурда ар жума сайын ишембиликтерди өткөрүү иштери уюштурулуп, суу…

Толук окуу…

БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК

2026-жылдын 31-мартында  С.Андабеков атындагы маданият үйүндө Ат-Башы районунан 2025-2026-окуу жылында өткөрүлгөн мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV (республикалык) баскычына катышкан 6 окуучуну салтанаттуу тосуп алуу аземи өткөрүлдү. Иш-чарада Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Н.Шербаев мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында кыргыз тили жана адабияты сабагынан I орунду жеңип алган Качкынова Мария Алмазбековна жеңиши менен…

Толук окуу…

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК. АТ-БАШЫ ӨНҮГҮҮНҮН ЖАҢЫ БАСКЫЧЫНА ӨТҮҮДӨ

2026-жылдын 31-мартында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Шербаев  менен HUBEI BAOSHANG ELECTRIC CABLE компаниясынын өкүлү ГУО ФУ-Ю, WUHAN JIANDIAN NEW ENERGY компаниясынын өкүлү ЧАНГ ЧИНГ ЛУНГ, ГРК Солар Энерджи  жоопкерчилиги чектелген  коомунун жетекчиси Тороев Асанбек Абакирович, “XINJIIANG HUAJI INTERNATIONAL LOGISICS TECHNOLOGY” компаниясынын өкүлү Тургуналы Таштан жана айыл аймактардын өкмөт…

Толук окуу…

БИЙ ӨНӨРҮНДӨГҮ БИЙИКТИК, I ОРУН КУБАНЫЧЫ

Ат-Башы районунун С.Андабеков атындагы маданият үйүнүн алдында түзүлгөн “Жанар” бийчилер тобунун мүчөсү Мирбекова Жанара 2026-жылдын 29-мартында Казакстан өлкөсүнүн Алматы шаарындаболуп өткөн “Жулдуздар достыгы” аттуу эл аралык эстафеталык конкурста “Ак Бакай” бийи менен I орунду багындырды. Жаш талантуу бийчи Мирбекова Жанараны чын жүрөктөн куттуктап, бий ириминин жетекчиси Жыпар Абдыбековага терең ыраазычылык…

Толук окуу…

АТ-БАШЫ: РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАДА 1-ОРУН ЭЭЛЕДИ.

Ат-Башы районунун К.Карпеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 11-классынын окуучусу Качкынова Мария Алмазбековна мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV (республикалык) баскычында кыргыз тили жана адабияты сабагынан I орунду ээледи. Олимпиадага кыргыз тили мугалими Эсеналиева Асылкүл Табылдиевна даярдаган.    

Толук окуу…

НООРУЗ-КҮН МЕНЕН ТҮН ТЕҢЕЛГЕН КУТТУУ МАЙРАМ

Жаркыраган жаздын келиши менен эл күткөн Нооруз майрамы Ат-Башы районунун борбордук ачнтында жогорку деңгээлде белгиленди. Бул күндө эл-журт таза ниет менен чогулуп, майрамдык оюн-зоокко активдүү катышышты. Иш чаранын алкагында кыргыз элинин салттуу тамагы сүмөлөк кайнатылып, келген конокторго даам таратылды. Ошондой эле улуттук оюндар уюштурулуп, ыр-бийлер тартууланып, концерттик программа менен коштолду….

Толук окуу…