АТ-БАШЫДА АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ БОЛУП ӨТТҮ

2026-жылдын 29-майында Ат-Башы районунда өткөн акыркы коңгуроо салтанатына райондогу бардык мектептерге райондук жетекчилер шефтикке бекитилди. Жетекчилери мектептин инфраструктурасын, материалдык техникалык базасын чыңдоо, билим берүү сапатын жакшыртуу боюнча ар тараптуу колдоо иштерин алып бараары белгиленди. Район аймагында баардык мектептерге райондук жетекчилер дал ушул максатта шефтикке бекитилди. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы…

Толук окуу…

АТ-БАШЫДА КИТЕПКАНАЧЫЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Ат-Башы районунда китепканачылар күнү өзгөчө салтанаттуу маанайда белгиленди. Майрамдык иш-чарага Ат-Башы районунун акими М.Шербаев жана райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Кадыралиев катышып, китепкана кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды. Конференция залында өткөн жолугушууда жетекчилер китепканалар-билимдин, руханий байлыктын жана маданияттын негизги очогу экенин белгилешти. Алар бүгүнкү күндө…

Толук окуу…

“БИЛИМ” ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ.

2026-жылдын 28-май күнү Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында “Билим” олимпиадасында алдыңкы орундарды камсыз кылган окуучуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Райондогу 20-мектептин окуучуларыкатышкан олтмпиадада мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн 8 окуучу жеңүүчү аталып, аларга дипломдор, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сыйлыктарды Ат-Башы районунун акими Мухтар Шербаев өзү тапшырып, окуучуларды жеңиши менен куттуктады. Ошондой…

Толук окуу…

КЫТАЙДАН АТ МЕНЕН КЕЛГЕН ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗ КЫЗДАРДЫ АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН ЭЛИ ЖОГОРКУ МААНАЙ МЕНЕН ТОСУП АЛДЫ.

2026-жылдын 25-май күнү Кытай Эл Республикасынан тарыхый мекенине ат минип чыккан этникалык кыргыз кыздар Дүйшөн кызы Ризаа менен Бейшен кызы Гүлсанат Кыргызстанга келип, аларды “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Ат-Башы районунун акими Мухтар Шербаев салтанаттуу тосуп алды. Андан соң коноктор “Муз-Төр” чек ара заставасына келишип, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Ч.Абыкеев, Кыргыз Республикасынын…

Толук окуу…

ДУБАН БАШЧЫСЫНЫН АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ

2026-жылдын 14-15-май күндөрү Ат-Башы районунун Кара-Суу, Казыбек, Ак-Моюн жана Баш-Кайыңды айыл өкмөттөрүндөгү маданият үйлөрүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү. Иш чарага Нарын облустук соту К.Абдыкадыров, Нарын облусунун прокурору К.Кубатидинов, УКМК Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Н.Акмурзаев, ОИИБнин башчысы полковник Ж.Кочконов, жергиликтүү…

Толук окуу…

АТ-БАШЫ РАЙОНУНДАГЫ АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАРАНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаровдун эл менен жолугушуу иш-чарасы өткөрүлдү. Аталган жолугушууга Нарын ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Ж.Кочконов, Нарын облустук прокуратурасы К.Кубатидинов, Нарын облустук соту К.Абдыкадыров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. Иш-чаранын негизги максаты-жарандардын көйгөйлөрүн угуп, жеринде чечим кабыл алуу болду. Үч жарым…

Толук окуу…

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ- 81 ЖЫЛ

Бүгүн 2026-жылдын 9-майында Ат-Башы районунун борбордук аянтында 9-Май Улуу Жеңиш күнүнүн 81 жылдыгына карата эскерүү митинги болуп, Нарын облусу боюнча Улуу Жеңиштин жалгыз ардагери Сатынды Жапаров жана согуш мезгилинде оорукта эмгектенген Сатиева Попи, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Шербаев…

Толук окуу…

КОШОЙ-КОРГОН АЙМАГЫНДА ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 8-май күнү Ат-Башы районунун Кара-Суу айылындагы Кошой-Коргон чеби менен музейинде ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев баштаган райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, Музей байыркы Кошой-Коргон чебинин тарыхын, археологиялык табылгаларын жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо максатында түзүлгөн. Бул аймак…

Толук окуу…

КИТЕП БИЛИМДИН ЖАНА РУХАНИЙ ДҮЙНӨНҮН АЧКЫЧЫ

2026-жылдын 30-апрелинде Ат-Башы районундагы С.Андабеков атындагы маданият үйүндө 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата “Китеп той” аттуу маданий иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, ага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев, Кыргыз-Түрк Манас Университетинин улук окуутучусу, акын жана котормочу А.Исмаилов, Кыргыз телерадио корпорациясынын кызматкери, төкмө акын Т.Садырбек уулу, Филология…

Толук окуу…

КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ ЖАНА АНЫН АЙМАКТАРГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Бүгүн, 2026-жылдын 27-апрелинде Ат-Башы районундагы “Той” мейманканасында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан тоолуу аймактардагы калктын экономикалык өсүшүн күчөтүү жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин жеңилдетүү жаатында өкмөткө көмөк көрсөтүү максатында семинар өткөрүлүп, анда климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында кургакчылыктын алдын алуу жана суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу маселелери кеңири каралды….

Толук окуу…