АТ-БАШЫНЫН ЖАШ ФУТБОЛЧУЛАРЫ БАЛЫКЧЫ ШААРЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

2026-жылдын 12-13-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Спорттук таймашка жалпы 6 команда катышып, жаш футболчулар өздөрүнүн чеберчилигин, аракетчилдигин жана командалык ынтымагын көрсөтүштү. Мелдештин жыйынтыгында Ат-Башы районунун М.Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (БӨСМ) окуучулары мыкты оюн көрсөтүп, бардык атандаштарын артка калтырып, 1-орунду багындырышты. Жаш спортчулардын бул…

Толук окуу…

ЖОЛОМАН ЧОРОБАЕВДИН ЭСТЕЛИГИ АТ-БАШЫДА САЛТАНАТТУУ АЧЫЛДЫ

2026-жылдын 18-августунда, Ат-Башы районунда кыргыздын улуттук маданиятына, обончулук жана көркөм чыгармачылык өнөрүнө зор салым кошкон таанымал обончу, белгилүү комузчу Жоломан Чоробаевдин эстелиги салтанаттуу түрдө ачылып, Ат-Башы райондук С.Андабеков атындагы маданият үйүнүн алдына орнотулду. Эстеликтин ачылыш аземи-кыргыз элинин рухий мурасын даңазалаган өнөр адамдарынын эмгегин кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган маанилүү маданий окуялардын…

Толук окуу…

ЖОЛДОРДУН АБАЛЫН ЖАКШЫРТУУ ИШТЕРИ КҮЧӨТҮЛДҮ

Ат-Башы районунда унаа жолдорунун абалын жакшыртуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жаан-чачындан улам жабыркаган тилкелерди калыбына келтирүү боюнча иштер улантылууда. Учурда Ача-Кайыңды-Май-Босого унаа жолунун 2-43 чакырым аралыгында эки авто грейдер тартылып, жолду кырып-тегиздөө жана жол бетиндеги таштарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун 82-94 чакырымында жол жээктерин механикалык…

Толук окуу…

“ӨТКӨНДҮ УНУТПАЙЛЫ, ЭРКИНДИКТИ ЫЙЫК САКТАЙЛЫ”

2026-жылдын 7-августунда Ат-Башы районундагы Б.Кыдыкова атындагы Ат-Башы райондук модельдик-инновациялык китепканасында тарыхый эс тутумду жаңыртууга эгемендүүлүктүн баалуулугун даңазалоого багытталган.”Өткөндү унутпайлы, эркиндикти ыйык сактайлы” аттуу эскерүү кечеси өткөрүлүп, бул иш-чара 1916-жылдагы Үркүн окуясынын 110 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналды. Иш-чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары В.Мурзалымбекова, райондун…

Толук окуу…

АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА 6 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

2026-жылдын 6-августа Ат-Башы райондук мамлекеттик  администрациясында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өткөрүлдү. Коллегиянын күн тартибинде Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2026-жылдын 6 айына карата ар бир тармактын ишмердүүлүгүнө объективдүү баа берилип, мамлекеттик программалардын аткарылышы инвестиция тартуу, инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба, социалдык камсыздоо жана башка…

Толук окуу…

АТ-БАШЫ РАЙОНУНДАГЫ ТАШТАНДЫ ПОЛИГОНДОРУ ТОЛУК ТАРТИПКЕ КЕЛТИРИЛЕТ.

Ат-Башы районунун аймагындагы баардык таштанды полигондорун экологияоык талаптарга ылайык тартипке келтирүү боюнча кеңири иштер жүрүп жатат. Жыл соңуна чейин бардык полигондордо рекультивация иштери жүрүгүзүп, жол боюнда жайгашкан Кара-Суу, Кара-Булуң, Ак-Жар, Ача-Кайыңды жана башка таштанды жайлары жабылып  жаңы белгиленген аймактарга көчүрүлөт. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Шербаев район…

Толук окуу…

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО БОЮНЧА 2026-ЖЫЛДЫН II КВАРТАЛЫНА КАРАТА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 31-июль күнү Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңешме өткөрүлдү. Жыйынга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары В.Мурзалымбекова, райондук саламаттык сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын мүчөлөрү, айыл аймактардын медициналык кызматкерлери, айыл башчылар жана ветеринардык кызматкерлер катышты. Кеңешменин күн тартибинде Ат-Башы районунда эмдөө иштеринин 6 айлык аткарылышы…

Толук окуу…