АТ-БАШЫДА АРАШАН КОЙЛОРУНУН ЖАРМАНКЕСИ БОЛУП ӨТТҮ
2026-жылдын 19-апрелинде Ат-Башы районунда райондук айыл чарба башкармалыгынын жана Арашан жамаатынын демилгеси менен Арашан койлорунун жарманкеси өткөрүлдү. Бул иш-чарага Нарын облусунун бардык райондорунан жана Чүй облусунан келген фермерлер катышып, 100дөн ашуун Арашан койлорун алып келишти. Жарманке мал чарбачылыгы менен алектенген дыйкандар менен катар жергиликтүү тургундардын да чоң кызыгуусун жаратты. Анда…